Митингчилер: "Дагы бир революция жасаганга күчүбүз жетет"
"Кумтөр" боюнча келишим жокко чыгарылсын жана камактагы "ата журтчу" депутаттар бошотулсун". Мындай талапты бүгүн Бишкектин борбордук аянтындагы оппозициянын митингине келгендер айтышып турушат. Эгер талаптар тез арада аткарылбаса, дагы бир революция жасаганга күчү жете тургандыктарын да билдиришүүдө чогулгандар. "Эгер бийлик биздин талаптарыбызды аткарбаса жер-жерлердеги акимдерди, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүн басып алуу жолу менен максатыбызга жетүүгө туура келет",- деп билдирди Өзгөн районунан келген митингчи Абдыкар Абдракманов.