ИИМ: "УКМКнын кызматкери баңгизат менен кармалды"

23-апрелде Бишкек шаардык ИИББинин кызматкерлери тарабынан Бишкектин көчөлөрүнүн биринен шектүү катары Ниссан үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында унаа ичинен 24 грамм баңгизат табылды. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын айдоочусу УКМКнын Баткен облусундагы кызматкери экендиги белгилүү болду. Андан соң аталган кызматкерди медициналык экспертизадан өткөргөндө анын баңгизат колдонуп жүргөндүгү да аныкталган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
future_kg
2013-04-24 15:10:31
ИИМ мн УКМК эми бирин бири постава кылат! Карапайым калктын укугун коргобой , бирин бир чукулашат эми.
0
kyrgyzmaksat87
2013-04-24 15:23:39
Кезек эми ИИМдеби?
0
admin_superstan
2013-04-24 15:56:13
baibolot71, коомдук адепке туура келбеген билдирүү жазууга тыюу салынган.
Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сайттан түбөлүк четтетилдиңиз.
0
Taalaibek.
2013-04-25 09:31:28
Элди жакшылыка чакыргандын ордуна, кайра элди оздорундой кылып уйротот да. УКМК ны туп оорду менен тазалаш керек, буларга дагы бир чара колдонуш керек, жэ тестирлоодон откозуп анан УКМК га алыш керек.
0
Шаиста Шатманова
2013-04-25 11:24:39
ИИМдин өч алып жаткандагы кербезиби? Көбүрөөк өлчөм менен кармай алышпаптырбы?
0
Шаиста Шатманова
2013-04-25 11:25:48
Бир чети өч алып жатышканы дегенибиз да туура болбой калат, мыйзам буздубу, кылмыштуу иштерге бардыбы, кармаш керек, ИИМ болобу, УКМК болобу, айырмасы жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан