Москвадагы өрттөн кыздарды куткарууга аракеттенген жарандар Ардак грамота менен сыйланышты

Кечээ, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинде үстүбүздөгү жылдын 27-августунда Москвадагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан “Печатный экспресс” басмаканасында чыгып, 14 кыргыз кызынын өмүрүн алган өрттө кыргыз жарандарын куткарууда көрсөткөн каармандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын жарандарын КРнын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда кабарлады.

"Биздин мекендештер жана москвалык жарандар өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланышты. Элчи Болот Отунбаев Ардак грамоталарды тапшырып жатып, мындай оор кырдаалдарда активдүү жарандык позициясын, каармандыгын жана эрдигин көргөзгөн азаматтарга терең ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Иш-чаранын катышуучулары аталган өрттөн каза болгон жарандарды 1 мүнөткө тунжуроо менен эскеришкени маалым болду.

Сыйлангандардын тизмеси:

  • Азизбек Абдыгапар уулу
  • Маматсабыр Алимбек уулу
  • Азамат Ахматов
  • Александр Борисов
  • Махамат Заиров
  • Юрий Лугвин
  • Таалайбек Марип уулу
  • Жоомарт Урматбек уулу
  • Александр Хван
  • Аширбек Шакиров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altynka95
2016-12-23 15:37:41
Тунжуроо" деген башкача угулат экен
+1
wwwbaxa
2016-12-23 16:08:14
Уят да торт ай ойлонуп отуруп грамота Берген биздин чондорго тан калбаса деле болот.Ошон учун баардык нерседен артта калып жатабыз да...
+4
Revolyutsiya
2016-12-23 16:41:07
wwwbaxa, ошол министр-депутаттар президент баш болуп каза болгон кыз-келиндердин тажиясына катышып Куран окуп/тушуруп коюга да жарашкан жок го. Окуядан бир жума отуп отпой бири-биринен отуп шашып тойго - кочмондор оюнуна жоношту...
+3
Ilgiz2016
2016-12-23 16:58:48
Ертего отоле.кийинки жылы берседеле болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан