“Азыркы бийлик 10 миң киши чогулганда гана көңүл бурат окшойт. Эгерде бизге дагы деле көңүл бурбай коюшса, аларды мурдагы 2 бийликтин өкүлдөрүндөй кылып кууп чыгуу керек”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 24-апрелде Бишкектеги борбордук аянтта өтүп жаткан митингде укук коргоочу Рамазан Дырылдаев айтты. Анын айтымында "аз эле киши чогулуптур" деп ойлогон бийлик өкүлдөрү эртеден бери митингчилерге келип койгон жок. “Кумтөргө” бийлик көңүл бурбай турган болсо, баары отставкага кетсин”,- деди ал. Анын бул сөзүн чогулгандар колдоого алып кыйкырышууда. “Бизге мындай бийликтин кереги жок!” дешүүдө алар.