Митингчилер Баатыр энелерди Жогорку Кеңеш кабыл албай койгонуна нааразы болушууда

Бишкектин борбордук аянтындагы митингчилер президент Алмазбек Атамбаев менен төрага Асылбек Жээнбековдун чогулгандардын алдына келишин жана “Кумтөр” маселеси чечиле турганын же чечилбей турганын айтып берүүнү талап кылышууда. “Ушунча адам унчукпай күтө береби? Азыр элдин алдына чыгып бир жообун айтышсын”,- дешти алар. Ошондой эле алар Баатыр энелерди Жогорку Кеңешке кабыл албай койгонун айтышып нааразычылык билдиришүүдө. “Куралчан балдар Ак үйдүн эшигинен киргизбей коюшту. Баатыр энелер кан басымдарыбыз көтөрүлүп, эч ким кабыл албаган соң кайра келдик”,- дешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан