КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеңеште олигархтар монополистке айланып жатышат

Бүгүн, 23-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде түзүлгөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун иши "Ата Мекен" фракциясында талкууланды. Жыйынга фонддун башчысы Кубанычбек Кулматов келген жок. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче, Кулматов өзү башкарган фонд эл аралык мекеме болгондуктан, Жогорку Кеңешке отчёт берүүгө милдеттүү эместигин айтып жатат. Ал фонд жетекчиси катары 15 миң доллардан айлык алып жатканы да айтылды.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2014-жылы түзүлгөн, уставдык капиталы 500 миллион доллар. Негизги максаты кыргыз экономикасын ЕАЭБдин шартына адаптациялоо эле. Мамлекеттин агрардык өнөр жай комплекси, кийим тигүү, транспорт, текстиль өңдүү тармактардагы долбоорлор үчүн бул фонд кредит бермек. Үстүбүздөгү жылдын май айында депутаттар фонд толук кандуу иштебей жатканын айтып чыгышкан. Мекеменин төрагасы Кубанычбек Кулматов 230 долбоор жактырылганын, эми аларга 84 миллион доллар бөлүнгөнү жатканын билдирген. Бул - фонд түзүлгөндөн 1,5 жыл өткөндөн кийинки жооп. Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгында фонд 442 долбоорго 121 миллион долларга жакын насыя бергени айтылды. Бул долбоорлордун канчасы ийгиликтүү иштеп жатканы боюнча маалымат жок. Макулдашууга ылайык, 500 миллион доллардын баары 2016-жылдын 29-майына чейин өздөштүрүлүүгө тийиш эле, бирок анын 350 миллиону гана берилген. Түрдүү себептер менен акчанын көбү дагы эле ишкерлердин колуна жете элек, жаңы иш орундарын түзүүгө жумшала элек. Кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн бул миллиондор "айлантууда" жүргөн жокпу? Экономика министринин орун басары бүгүн жакшы шылтоо айтты, "бул акчанын баарын алууга кыргыз экономикасы даяр эмес, өлкөдө жакшы долбоорлор жок" деди. Өлкөнүн ЕАЭБге киргенине 2 жылга жакындап баратат, Кыргыз-Орус фонду кызматташып жаткан банктардан насыя ала албай кыйналган дыйкан-фермерлер четтен чыгат. Негизинен өндүрүштү, өзүн өзү актай турган долбоорлорду каржылайт деген максатта түзүлгөн фонддун акчасы башка иштерге да жумшалганы жатканы белгилүү болду. Быйыл октябрь айында премьер-министрге маалымат берүүдө Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев республикада 400 миң "акылдуу" эсептегич орнотууну каржылоо үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтты. Энергетикадагы коррупция, жогору жактан жасалган уурулуктар жоюлуп, жоготуулар азайтылып, элге арзан баада электр энергиясы бериле баштаса, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу зарылдыгы калбайт эле. Фонд түзүлүп жатканда жаңы иш орундарын түзүү, жумушсуздуктун айынан сыртка агылган кыргыздарды өлкөдө иш менен камсыздоо, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу жөнүндө сөз болгон. 500 миллион доллардын 350 миллиону берилди деп отчёттордо айтылып жатканы менен, өлкө ЕАЭБге ыңгайлашып кеткени, анын пайдасын көрө баштаганы дегеле байкалбайт...

Күтүлгөндөй эле Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумду өттү деп тааныды. Расмий жыйынтыкта референдумга тизмедегилердин 42,28 пайызы добуш бергени айтылат. Баш мыйзамды өзгөртүүгө "макул" деп добуш бергендер 79,63 пайызды, "каршы" деп добуш бергендер 15,55 пайызды түздү. БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева референдум жыйынтыгына макул эместигин айтып, комиссиянын соңку чечимин өзгөчө пикир менен колдоду. Ал Конституцияны өзгөртүү боюнча үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик ММКлардан тараптарга бирдей мүмкүнчүлүк берилбегенин, студенттерди мажбурлап референдумга алып келүү фактылары болгонун, жашыруун добуш берүү талаптары сакталбаганын айтат. 11-декабрда референдум жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо менен бир учурда өттү. Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтпөгөн аймактарда шайлоочулар добуш берүүгө аз катышканы - референдум өткөрүүгө элдин каалоосу жоктугунун далили дейт Журабаева. Чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин добуш берүүгө пассивдүү катышканы да бул жыйынтыкты бекемдейт. 11-декабрда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшү атайын порталда чагылдырылып, маалыматтар улам жаңыланып жатты. Кайсы шаарда, облуста, райондо, айылда кайсы партия же талапкер алдыда баратканын, референдумга канча адам катышканын, канчасы макул, канчасы каршы болгонун көрүү мүмкүнчүлүгү болду. Негедир чет өлкөдөн добуш берүүнүн так жыйынтыгы азыркыга чейин жарыяланбай турат. Түшүнүгү, билими жогору, мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө жашагандардын көпчүлүгү "каршы" добуш берип, БШК аны жарыя кылгысы келбей турабы? Бул боюнча БШКдан жооп берилбей жатат. Ал эми республика боюнча референдумга "каршы" деп добуш бергендердин көпчүлүгү Бишкек шаарында болду. Саясатчылар менен жарандык коом тарабынан күчтүү каршылык болгонуна карабай Алмазбек Атамбаев баштаган бийликтин командасы бул сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул кадам демилгечилер айткандай жалпы элге, мамлекетке чын эле пайдалуу болобу же мурунку окуялардай бийликтин өмүрүн кыскартабы, убакыт көрсөтөт...

Жогорку Кеңештеги ири ишкер депутаттар мыйзам чыгаруу мүмкүнчүлүгүн өз кызыкчылыктарында колдонуп жатышканы буга чейин эле айтылып келген. Эми бул сындар парламенттин трибунасында, депутаттардын өздөрү тарабынан ырастала баштады. Парламенттин 22-декабрдагы жыйынында "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өлкөнүн кирешелүү тармактарын чиновниктер ээлеп алганын айтып, “өлкөдөгү бизнести биротоло 5-6 адамга бөлүп берип койбойлубу...” деп мазак-сыны аралаш ачуу сөз айтты. "Курулушту “Авангард”, спирт ичимдиктерин “Аю” компаниясына өткөрүп бергиле. Ун өндүрүшүн кесиптештерибиз Чыныбай Акунович менен Бакыт Эргешович алсын. Ошентип ири ишкердикти беш-алтооң бөлүп алгыла анда", - деди Сулайманов. Белгилей кетсек, "Авангард строй" курулуш компаниясы учурунда "Ата Мекендин” катарында жүрүп министр болгон, кийин президенттин командасына өтүп кеткен, учурда өлкө башчысынын кеңешчиси Калыкбек Султановго таандык. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин ун өндүргөн ири ишканалары бар. Өлкөнүн дары каражаттары рыногун ишенимдүү ээлеп келе жаткан “Неман фарм” ишканасынын кожоюну депутат Осмонбек Артыкбаевди да бул тизмеге кошууга болот. Депутаттардын мындай талаш-тартыштары "акчалуулар депутаттыкка бизнесин калкалоо үчүн келишет" деген сынды бекемдеди...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан