Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу Канатбек Бегалиев учурда спорт чиновниктери машыктыруучуларды ак жеринен каралап жатышканын айтты. "Бээжин-2008" Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси аларды курулай айыптоодон алыс болууга чакырды.
Маселе Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин акыркы 2 коллегиясында айтылган сөздөргө байланыштуу. Аталган агенттиктин жетекчилери чет жерде өткөн мелдештерге башкы машыктыруучулар эмес, жардамчылар барып жатканын сындашкан. Буга катар жетекчилер басылмалардын бирине берген маекте Канатбек Бегалиевдин бильярд боюнча мелдештерге катышып жатканын айтып, өз жумушуна да көңүл бурууга чакырышкан.
"Биз 1 олимпиадалык цикл - 4 жылды артта калтырдык. Бул аралыкта Азия чемпиондугунда алтын медаль алдык, көптөгөн эл аралык мелдештерде байге алдык. "Рио-2016" Олимпиадасында медаль ала алган жокпуз. Бирок грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев 5-орунду ээлеп, спорттун башка түрлөрү боюнча катышкан спортчуларга караганда жакшы жыйынтык көрсөттү. Мен балдарга Жаңы жылга карата 10 күндүк тыныгуу бергем. Ошол себептүү мени сындоонун кереги жок. "Балдарды карабайт экен" деген кеп чындыкка коошпойт, себеби балбандар дайыма менин көзөмөлүмдө. Кааласам бильярд ойнойм, кааласам теннис ойнойм да, кааласам ырдайм. Бул менин жеке ишим", - дейт машыктыруучу.
К.Бегалиев буга катар спорттогу эмгектери үчүн айрымдар президенттин колунан сыйлык алганын айтты. Бирок ал сыйлык алгандардын тизмесинде болгон эмес. "2016-жылы балбандар жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Калы Сулайманов жаштар арасында, Акжол Махмудов өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону аталышты. Калыбек Жолчубеков студенттер арасында Дүйнө чемпиону аталды, бирок машыктыруучу катары мен сыйлыкка көрсөтүлгөн жокмун. Мен буга нааразымын. Бул спорт чиновниктеринин адилетсиз иштеп жатканынан кабар берет", - деп кошумчалады Бегалиев.