“Кумтөр” алтын кенин кыргыздар гана иштетсин”, “Камакта отурган “ата журтчу” депутаттар бошотулсун” деген талаптар менен борбордун "Ала-Тоо" аянтына чыккан митингчилер тарай элек. Алар “коюлган талаптар аткарылмайынча жаан эмес, кар жааса дагы, түнү менен болсо да ушул жерде турганыбыз турган”,- дешүүдө.