Борбордук “Ала-Тоо” аянтына “Кумтөр” келишимин жокко чыгаруу талабы менен өткөн митингди жактап чогулган элге модератор таркап кетүүнү жарыялады. “Түзүлгөн штаб жер-жерлерге барып, эл менен кеңешүүгө кетебиз. Баарыбыз тынч тарап кетели. Терең ойлонуп ушул чечим менен макул болобуз. Баарыбыз биригип жоопкерчиликти моюнга алалы”,- деди модератор. Ал эми митингге чыккан Баатыр энелер "кетпейбиз" дешүүдө. Ошондой эле чогулгандар азыр аянттан тарай элек.