Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт", "Эркеч-Там" текшерип өткөрүү бекеттери 27-апрелден 2-майга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чектөө Кытай эл республикасынын Тилектештик жана эмгек майрамын белгилөөсүнө байланыштуу болот. Кытай тарап чек араны убактылуу жаап турууну сунуштаган.