Оппозициянын митингинде "жүргүлө, Ак үйдү курчап алалы" деген адамды милиция кармап кетти

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилердин бирин милиция кызматкерлери кармап кетишти. Кармалган жаран ага чейин "бул жерге биз бекер келген жокпуз, чындык орномоюнча кетпейбиз. Жүргүлө, балдар, Ак үйдү барып курчап алалы. Ошол жерге түнөйбүз",- деп аянттан Ак үйдү көздөй жөнөп калган болчу. Ал Ат-Башы районунун Жумалиев Жеңишбек аттуу тургуну экендиги белгилүү болду. Аны коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп турган милиция кызматкерлери токтотту. “Бул чагымчыл адам. Жаш балдарды Ак үйдү курчоого алууга үндөп жатат. Митингди борбордук аянтта гана өткөрүүгө уруксат берилген”,- деген укук коргоо кызматкерлери аталган жаранды алып кетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан