Орусиянын президенти Владимир Путин Ту-154 учагынын авиакырсыкка учураганына байланыштуу мамлекетте аза күтүү күнүн жарыялоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда Орусиянын аймагында мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлөт. Буга катар маданий жайларда жана телелерде, радиолордо көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурбай туруу сунушталды. Буйрук кол коюлгандан тарта күчүнө кирет.
Кошумчалай кетсек, Кара деңизге кулаган учакта 92 адам болгон. Алар аскер кызматкерлери, Сириядагы орус аскерлерине жаңы жылдык кече уюштурууга бара жаткан артисттер жана иш-чараны чагылдырууга бараткан журналисттер болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөөгө 3 миңден ашык адам тартылып, 27 кеме иш алып барууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 10 адамдын жансыз денеси табылды.