Мындан 19 жыл мурун, 1997-жылы 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кыргыз-кытай чек арасын ратификациялаган. Кыргыз Республикасынын жетекчилиги 1996-1997-жылдар арасында мамлекеттик чек араны белгилөө жана аны коргоо багытында бир канча эл аралык келишимдерди аныктоого жетишкен. Адегенде Казакстан, Кыргыз мамлекети, Кытай, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү 1996-жылы чек ара аймагындагы аскердик ишеним туурасындагы келишимге кол коюшуп, 1996-жылы Кыргыз өлкөсү менен Кытай Элдик Республикасынын мамлекеттик чек арасын аныктаган келишим кабыл алынган.
26-декабрга карата жылнаама.