Бишкектеги кафеде чыккан өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда (фото)

Бишкектеги кафеде чыккан өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат саат 14:21 чамасында келип түшүп, анда Чүй кең көчөсү,№158 дарегиндеги 3 кабаттуу имараттын (мурдагы “Айпери” турмуш-тиричилик үйү) 2-кабатында жайгашкан Т.Ахмедовго тиешелүү “Center bar” кафесинин ички тарабында өрт болуп жатканы айтылган. Өрт саат 15:54тө чектөөгө алынып, саат 21:14тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен кафедеги телевизорлор, муздаткычтар, компьютерлер, жылыткычтар, асма шамдар, караоке аппараты, столдор, отургучтар, шкафтар, дивандар, терезелер күйүп, эсеп-кысап бөлмөсү менен суусундуктар сакталуучу кампаны бөлүп турган жыгач дубалы, гипсокартондон капталган шыбы күйгөн. Ошондой эле имараттын чатырында жайгашкан желдетүүчү шахтасынын ичинде жыйылган болжол менен 1 тоннага жакын рубероид (толь) күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Beksultan-007
2016-12-26 09:57:07
150 чарчы метрди 5 саатта очуруптурбу. Хайыл.
0
Saribulak
2016-12-26 10:15:41
Хайыл дегенин эмнен? Очуруп калганына суйунсо болот.
+1
zvezda55
2016-12-26 10:26:01
Saribulak,xaxaxa
0
Patriotkgz93
2016-12-26 10:47:39
Кайдагы верталёт сатып алуу керек дейсиңер коопсуздукту күчөтүү керек дейсиңер бирок Азандын үнүн пасайтканыңар үчүн күйүп жатканыңарды билбейсиңер Ылайым ошол азанга каршы чыккандар ХХХ
0
admin_portal
2016-12-26 10:56:01
Patriotkgz93, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт.
0
Revolyutsiya
2016-12-26 11:01:52
Patriotkgz93, эмне дегенинди озун тушундунбу?! Акыркы убакта копчулук озун Кудайга тенеп алды окшойт "мен буйрук берип ортоттум, азан унун жайлатканынар учун" деп.. Мусулманбыз дейсинер да кайра озунор ширк кыласынар "козу ачыктык" кылып.. Сен эмес Чубак ажы да айта албайт кафенин орттонушу менен азан ортосунда байланыш болуп болбогонун. Кыскасы псих.оорулуулар тууралуу анекдотту эске салдын "бири мен Кудай жоноткон периштемин десе, экинчиси мен сени жоноткон эмесмин дег
0
meni_kut
2016-12-27 15:22:12
Revolyutsiya,сен дайыма динге каршысын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан