Кыргыз-түрк дипломатиялык кызматташтыгынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду

Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Буга байланыштуу өлкө президенттери бири-бирин куттуктап телеграмма жөнөтүштү. Алмазбек Атамбаев 25 жыл ичинде кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө жана өнүктүрүүдө маанилүү жетишкендиктер болгонун белгилеп: "Жалпы тарыхка, маданиятка жана тилге негизделген тыгыз кызматташтыгыбыз биздин боордош элдердин бакубатчылыгын арттырууга дайыма мүмкүнчүлүк түзөт", - деп билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жакынкы келечекте эки тараптуу кызматташтык тереңдей турганына ишенерин айтып, Атамбаевге жана кыргыз элине жыргалчылык, гүлдөп өнүгүү каалады.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк дипломатиялык кызматташтыгы 1991-жылы 24-декабрда түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан