Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Президент Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги отурумуна катышат. Жыйында ЕАЭБдин учурдагы абалы жана мындан аркы иш-аракеттери талкууланмакчы. Ал эми ЖККУнун жыйынында күн тартибинде турган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча өлкө жетекчилери пикир алышат.