Мындан 225 жыл мурун, 1791-жылы 26-декабрда алгачкы компьютерди ойлоп тапкан англис математиги Чарльз Бэббиж төрөлгөн. Ал Англиянын Лондон шаарында банкирдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кембриждеги Тринити колледжинде окуп жүргөндө математика сабагына кызыгып, бул сабакты өз алдынча дагы окуп өздөштүргөн. Жыйынтыгында математиканы мугалимдеринин деңгээлинде билип калган.
23 жашында бакалавр даражасын алып, 36 жашында Кембриж университетинде математика илимдеринин профессору аталган. 12 жылдан кийин бул кызматын таштап, эсептөөчү машинаны иштеп чыгуу менен алектенген. Математиктин ишмердүүлүгү ар тараптуу болгон. Тактап айтканда, ал геология, археологиялык казуулар менен алектенип, темир жол кыймылын өздөштүрүп, Англиядагы почта системин реформалоого катышкан. Мындан тышкары Ч.Бэббиж функционалдык анализдин теориясын, электромагнетизмди, философияны, оптиканы жана саясий экономиканы өздөштүрүүгө кызыккан.
Математик спидометр, тахометр, офтальмоскоп жана сейсмографты ойлоп таап, металлды иштетүүчү шаймандарды иштеп чыккан. Компьютерди жасап чыгуу идеясын сунуштап, эсептөөчү техниканын жана илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон математик жана ойлоп табуучу 1871-жылы 18-октябрда Лондондо 79 жаш курагында дүйнө салган.
26-декабрга карата жылнаама.