Бишкекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын болуп өттү

Бишкекте азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш менен камсыздоо жолдорун талкууга алган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган жыйын Бириккен Улуттар Уюмунун 71 жылдыгына арналган.

"Иш-чаранын алкагында калкты азык-түлүк жана тамак-аш менен камсыздоо жана андагы көйгөйлөрдү алдын алуу боюнча сөз болду. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан жооптуу кызматкерлер, Айыл чарба министрлигинин адистери жана Эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышышты. Жыйындын өтүшүн БУУнун Азык-түлүк коопсуздугу программасы колдоого алган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан