25-27-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Нарын-Казарман унаа жолундагы Кара-Көө ашуусунда, Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Сары-Мойнок, Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 24-декабрында ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлгөнү маалым болду.