Бишкекте Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү

Бишкекте Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чаранын негизги максаты - эл биримдигин чыңдоо, мекенчилдик духту көтөрүү жана өспүрүм балдарды адеп-ахлакка чакыруу.

"Тарыхый инсан Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө жер-жерлерде мекеме-ишканаларда өткөрүлүүдө. Салтанатка Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты катышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, Тарых жана маданият жылында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы Токмок шаарында өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан