Ту-154 учагынын кырсыкка учурашынын себептери аныкталууда. Терроризмдин белгилери жок

25-декабрда Орусиянын Сочи шаарынан Сирияга багыт алган Ту-154 учагынын кырсыкка кабылып, Кара деңизге кулап түшүүсү боюнча иликтөөлөр уланууда. Учактын кулап түшүү себептерин терактка байланыштыруу негизсиз. Бул тууралуу Орусиянын Транспорт министрлигинин башчысы Максим Соколов "Интерфакс" басылмасына билдирди.

"Орусиянын башка аймактарындагы аэропорттордо терроризмге каршы чара көрүүнү күчөтүүнүн кажети жок. Кырсыктын жаралышына учактын техникалык абалы же пилоттук курамдын кетирген катачылыктары себеп болушу мүмкүн. Муну атайын иликтей турган комитет аягына чыгарат", - дейт министр.

Кырсык болгон жерден табылган сөөктөрдү жүктөп, 1-учак Москваны көздөй учту. Ал жакта сөөктөрдү таануу үчүн Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы Соттук-медициналык эксперттердин бюросу жана соттук-криминалдык эксперттер иш алып барышмакчы. Акыркы маалыматтарга таянсак, 11 адамдын сөөгү табылды.

Бул арада учактын бортундагы жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү боюнча социалдык тармактарда издөө жүргүзүп, LIFE басылмасы алардын бир нечесинин сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөттөрдөн жалаң жаш курактагы муундун өкүлдөрүн көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, бортто Орусиянын аскер кызматкерлери жана Сириядагы орус аскерлерин Жаңы жылы менен куттуктоо үчүн бараткан Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы Александров атындагы ыр-бий ансамблинин артисттери болгон. Ошондой эле "Биринчи канал", "Звезда" жана НТВ телеканалдарынан 9 журналист чагылдыруу иштери боюнча бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Mirzohidjon
2016-12-26 20:32:36
Бечаралар, Аллахым жайларын жаннаттан кылган болсун. Омийн.
+1
ERCHOROEV
2016-12-27 15:57:59
Mirzohidjon,тууганым сен мусулмансынбы деги. Буларга дуа кылсан наборот куноокор болосун. Булар ыйман келтиришмейинче жанаттан бол деп айтпа Аллах озу билет эмне кылышты. Мусулман болушса макул эле дуа кылып Фатиха менен ихласты окуп сообун багыштасан.
-1
ainura220888
2016-12-26 20:36:47
Баары жапжашго. Жаль(((
+1
safia16
2016-12-26 21:11:15
Орусия озу ТУуШкаларын списание кылышы керек
+3
farhat84
2016-12-26 22:16:27
Кудайым жаман кырсыктардан сактасын
0
GGggUUuuLLll
2016-12-26 23:54:34
Канчалаган күноосуз адамдар саясаттын куралы катары колдонулганына ичим күйдү..Буларды атасак болот "Саясаттын курмандыктары"деп
-2
ERCHOROEV
2016-12-27 16:00:13
GGggUUuuLLll,Сириядагы бей куноо адамдар мыны ушулар чыныгы саясаттын курмандыгы. А бул олгондор болсо саясаттын эмес жомок аяз атанын курмандвгы болушту десен ото туура суйлогон болосун.
-1
GGggUUuuLLll
2016-12-27 16:31:09
ERCHOROEV,Эй ХХХ булар да сирияга
Бараткан болчу...Сирия жашоочулары
албетте саясаттын башкы курмандыктары!!
Кыргыз деген бирин бири коралбай жургон
шоордуу эл...вообще орусия болбосо кыргызстан ачка болот муну озубуз эң жакшы билебиз ошон учун орустарды жаман коробуз!!!
0
admin_portal
2016-12-27 16:52:21
GGggUUuuLLll, порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
ulua
2016-12-27 04:24:02
Доктор Лиза,кылган эмгектерин унутулбасын эч качан!!!Жалан жаш балдарга жардам берчусун,жанын жай тапсын бийиктен!!!((((
+1
Usow
2016-12-27 08:16:47
Аллахым озу сактасын
-1
admin_portal
2016-12-27 11:28:59
barakcha, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2016-12-27 11:34:14
nursyrgak, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
GGggUUuuLLll
2016-12-27 16:35:20
"Аллахым озу сактасын" деген коментке да минус басыпсынар значит силердин жашооңор минус окшойт
0
Kroxa
2016-12-28 09:00:05
Жапжаш баары бей ажал тапса бейишке чыгышсын,башка эмне дейбиз молтурошот го,жакындарына сабыр....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан