Бишкекте Чернобыль кырсыгынан жабыркаган 308 жаран жашайт

Бишкек шаарында Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан 308 жаран жашайт, алардын ичинен 228 адамдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей,  26-апрелде Бишкек шарындагы Ю.Фучик атындагы сейил бакта аталган кырсыктын 27 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлөт. Ошондой эле бул күнү кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга, каза болгондордун жесирлерине  материалдык жардамдар көрсөтүлөт. Буга жергиликтүү бюджеттен 765,1 миң сом бөлүнгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан