Биз социалдык тармакта

Азия биринчилигинде волейбол боюнча кыргыз спортчулары Непал өлкөсүн утуп, финалга чыгышты

Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук командасы Бангладеште өтүп жаткан Азия биринчилигинде финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Дакка шаарында өтүп жаткан эркектер арасында волейбол боюнча мелдеште кыргыз спортчулары Непал өлкөсүнүн командасын 3:1 эсебинде жеңип алышты. Акыркы эсеп боюнча учурда улуттук курама 11 упай топтой алды. Кыргыз спортчулары буга чейин 4 оюн өткөрүп, 4 ирет жеңишке жетишти. Белгилүү болгондой, 27-декабрда кыргыз волейболчулары экинчи тайпадан көп упай топтогон команда менен биринчилик үчүн беттешке чыгышмакчы.

Эске салсак, улуттук курам 25-декабрда Бангладеш өлкөсүн 3:2 эсебинде утуп алган. Бангладеште өтүп жаткан Азия чемпиондугуна "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 9 команда катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Zalkar_Shamaldy-Sai
2016-12-26 18:04:44
Красавчиктер algaaaaaaaaa
+1
oruktu_city
2016-12-26 18:07:53
Азаматсынар....мен мынчалык денгеелде ишенген емесмин улуттук кураманын женишине......Мына еми чындап далилдединер ийгилик анда кийинки оюндарга буйруса 1 орунду багындыргыла...Башка олколор учун кыргыздын ким екенин таанытып урган тобунар только 1 ге тушуп турсун
+4
kyalbek
2016-12-26 18:17:41
Урматтуу Админ мумкун болсо экинчи тайпада кайсы олколор бар жана кайсы олколор жарым финалда ойноду маалымат берип койсонор жакшы болмок
+4
bander
2016-12-26 18:32:32
kyalbek,1 эле тайпа болду бул жылы. 5 Команда катышты, 1 жана 2 орунду алгандар финалга чыгат. Финалда кайралан Бангладеш командасы менен окнойт. Тактоо иретинде айта кетсем, барган состав биздин толук кучтуу оюнчулар эмес, коп кучтуу балдар барбай калыптыр, себебин биле албадым.
-1
Kojosh80
2016-12-26 18:44:31
bander,ал жака ар ким озунун эсебинен барса керек мен ошондой деп уккам ошого кучтуу балдар барбай калды
0
Kurstan_CR7
2016-12-26 19:16:01
bander, тогуз команда катышты деп устудо жазылып турат
0
bander
2016-12-26 20:51:04
Kurstan_CR7,5 эле команда болуш керек.
Кыргызстан, Мальдивы, Бангладеш, Непал, Афганистан. Бизден Жамал, Эмил, Темир деген балдар барганда баарын 3-0 утмак экен. Алар жок болсо да утуп жатышат азаматтар. 1 орунду алып келишсин.
-1
talant87
2016-12-26 18:31:36
админ суроторун видёсун жуктогулочу
+4
admin_portal
2016-12-27 15:30:16
talant87, саламатсызбы? http://www.super.kg/media/uservideo/181103/
0
tulpar90
2016-12-26 18:33:21
Урааааааа азаматтар.
0
Freedom07
2016-12-26 18:58:25
Жакшы жакшы
0
adimyrza
2016-12-26 19:29:28
Жаны жылга жакшы ийгиликтер мн кирип баражатабыз буйруса Алга Кыргызстан
-2
malik.kadyr
2016-12-26 19:36:33
Алга Кыргызстан...
Жарайсынар жигиттер
0
kyalbek
2016-12-26 19:44:45
bander,Рахмат маалымат учун,Жакшы кабарлар коп болсун
-1
ulan.zhoroev
2016-12-26 20:44:06
Видеосун кантип кай жерден таап корсок болот билгендер айтып койгулачы
0
admin_portal
2016-12-27 15:30:40
ulan.zhoroev, саламатсызбы?http://www.super.kg/media/uservideo/181103/
0
tilek-x
2016-12-26 21:05:17
Молодцы!!! Алга жигиттер жениш менен кутобуз силерди!!!
0
Rakyl12
2016-12-26 21:49:01
Казак кытайлар жокго э, бул эмне Азиянын экинчи лигасыбы ошондо.
+1
Lenovo97
2016-12-26 23:13:37
Эрте кубанбай туралы
0
jigitaly
2016-12-27 00:07:52
Админ оюндарын кайдан корсок болот
0
admin_portal
2016-12-27 15:30:57
jigitaly, саламатсызбы?http://www.super.kg/media/uservideo/181103/
0
Beku89
2016-12-27 00:16:03
Оа буйруса бул турнирди женсе азиянын эн кучтуу командалары менен ойногонго укук алат. Ал жакта Япония, Иран, Казахстан, Корея, Кытай ондуу командалар ойнойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан