Президент Алмазбек Атамбаев 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар курамдагы отурумуна катышты. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Орусиянын лидери Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттер башчылары менен жылуу учурашып, протоколдук сүрөткө түшүүдөн соң жолугушуунун катышуучулары тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Отурумду ачып жатып Владимир Путин быйыл Евразия экономикалык биримдигине эки жыл болорун белгиледи. Ал бул убакыт аралыгында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, евразиялык интеграциянын болочогу жөнүндө пикир алмашууга жакшы шылтоо бар экенин айтты. Анын айтымында, ЕАЭБ түзүү процессинде алгылыктуу ийгиликтерге жетишилди, Дүйнөлүк соода уюмунун универсалдуу принциптерине негизделген өз ара макулдашылган эрежелерге ылайык иштеген жалпы рынок түзүлдү, өз ара сооданын көрсөткүчтөрү да өстү, товарлардын, жумушчу күчтөрдүн жана капиталдын эркин жүгүрүшүнө бөгөт болгон тоскоолдуктар акырындап жоюлууда.
Президент Алмазбек Атамбаев сөзүнүн башында Сочи шаарына жакын жерде учактын кыйроого учурашынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына, бүт Орусия элине көңүл айтты. “Биз сиздердин аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз”, - деди өлкө башчы.
Евразия экономикалык биримдигинин ишине токтолуп, Атамбаев 2016-жыл Кыргыз Республикасынын бул биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болушу менен эсте каларын белгиледи.
"Көп өзгөрүүлөр болду: позитивдүү учурлар да, кемчиликтер да болду. Тилекке каршы, айрым учурларда терс көрүнүштөр басымдуулук кылып, кыргыз элинин өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушун кабылдоосуна тескери таасирин тийгизүүдө. Бул, албетте, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине алакалашуусунун экономикалык натыйжаларына да терс таасир этүүдө", - деди Атамбаев.