22-23-апрель күндөрү Берлинде “Германия жана Борбордук Азия – кызматташуу аркылуу өнүгүү” деген темада
4-экономикалык конференция болуп өттү. Ага Кыргызстандын Экономика министри Темир Сариев баш болгон кыргыз делегациясы активдүүлүк менен катышканын аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет. Кыргыз делегациясынын курамын мамлекеттик кызматкерлер менен катар жеке ишкерлер толукташты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Сариев Кыргызстанды 2017-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу тууралуу маалымат берди. Ошондой эле министр Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү министри Д.Нибел менен жолугушуу өткөрүп, бир катар маанилүү маселелер талкууланды.