Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан күн тартибиндеги акыйкатчынын бир жылдык отчётун угуу маселесин кийинкиге жылдыруу сунушу киргизилди. Сунуш "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетүүсүн иликтеп жаткан депутаттык комиссиясынын төрагасынын кайрылуусунун негизинде киргизилди. Добуш берүү жыйынтыгында өтүнүч канааттандырылып, Турсунбек Акундун жылдык отчётун угуу депутаттык комиссиянын иши аяктаганга чейинки мөөнөткө жылдырылды.