Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратууга кол топтоп жатабы?

Депутаттар арасында Жогорку Кеңешти таратуу үчүн кол топтоо жүрүп жатканы айтылууда. Эгер жетиштүү добуш топтолуп калса, жакын арада парламенттин өзүн өзү таратуу маселеси күн тартибине коюлуп калышы мүмкүн. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин ырасташынча, ал үчүн 61 депутаттын добушу керек. Конституцияга ылайык, парламент тараса, президент 5 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурун шайлоо дайындап, 45 күнгө чейин жаңы парламенттик шайлоо өтүшү керек болот.

Парламент мөөнөтүнөн мурун таратылган учурлар болгон. 2007-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдум өтүп, андан кийин ошол кездеги президент Курманбек Бакиев парламентти тараткан. 2007-жылдын 16-декабрында өткөн парламенттик шайлоодо айтылуу “Ак жол” партиясы алдынкы орунду ээлеп парламентке келген.

Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууну быйыл сентябрда "Референдумга жок!" кыймылы демилгелеп чыгып, жарандардан кол топтой баштаган. Бул демилге боюнча азырынча жетиштүү добуш жыйнала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан