Депутат Өмүрбек Текебаев кесиптеши Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин "басым көрсөтүү аракети" деп атады. Елисеевдин лицензиясы мыйзамдуу узартылганын, лицензияны узартууда кандайдыр бир процедуралык эреже бузуулар болгон күндө да, ал үчүн кылмыш ишин козгоо туура эместигин билдирди. Бул үчүн жаза катары ашып барса сөгүш жарыяланышы керектигин айтат Текебаев.
Эскерте кетсек, Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кечээ Башкы прокуратура маалымдаган. Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.