Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 1,5 килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 15-апрель күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракет көрүү иш-чаралардын негизинде, Базар-Коргон районуна караштуу Майлы-Суу шаарынын тургуну 33 жаштагы А.С. аталган салмактагы баңгизатын сатып жаткан учурда колго түшкөн. Азыркы учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. "Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө" деп кошумчалайт ОИИБинин басма сөз кызматы.