Депутаттар биометрикалык паспортторду киргизүү демилгесин колдобой коюшту

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасында биометрикалык паспортторду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун четке кагышты. Тиешелүү чечим бүгүн, 27-декабрда комитеттин отурумунда бир добуштан кабыл алынды.

Комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымында, өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү Мамлекеттик каттоо кызматынын бизнесине айланышы мүмкүн. Мындан тышкары депутаттар аталган мыйзам долбоору чийки жана аны дагы иштеп чыгуу керектигин айтышты.

Айта кетсек, 2017-жылдын февраль айынан тарта Кыргыз Республикасынын жарандарына биометрикалык паспорттор берилери пландалган болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев биометрикалык паспорттордун артыкчылыктарын атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан