Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин Бажы кодексине кол коюшу өлкөгө альянстагы башка өлкөлөрдөн кошумча жардам берилиши мүмкүн экендигинен кабар берет. Мындай пикирди 27-декабрда КМШ институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Андрей Грозин билдирди. "Биз дипломат эмеспиз, ар нерсени өз атынан атай алабыз. Бул "чыгыш базары". Кыргыз Республикасы союздагы кубаттуу өнөктөштөрүнөн жардам алууга көнүп алды. Демек, Кыргыз мамлекети заманбап жабдуулар менен талаптагыдай ветеринардык көзөмөл кызматын түзүшү үчүн кошумча каражат бөлүнөт", - дейт Грозин.
Эксперт орусиялык ММКларга комментарий берүүдө кыргыз чиновниктери айтып жүргөн пикирди бекемдеди. Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин айрым мүчүлүштүктөр жоюлбай жатканын, бирок өлкө ЕАЭБге кирбесе мындан да кыйын абалда каларын айтат.
Кыргыз Республикасы 26-декабрда Санкт-Петербургда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексине кол койду. Алгач президент Алмазбек Атамбаев Бажы кодексинде кыргыз тараптын кызыкчылыгына ылайык келбеген шарттардан улам документке кол коюудан баш тартып, талаш-тартыштардан кийин кол койгону белгилүү болду.