Кыргызстанда болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын саны 2013-жылдын биринчи кварталында 3,5 пайызга азайды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында 31 өзгөчө кырдаалдар катталган, ал эми 2012-жылдын ушул убагында бул көрсөткүч 111ге жеткен. Бул кырсыктардын кесепетинен 2012-жылдын 1-кварталында 14 адам каза болсо, быйыл 2 адам көз жумган.