Жумгал районунда жолду муз каптап калуу коркунучу жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-декабрь күнү саат 17:20 чамасында Байзак айыл аймагындагы Орто-Кууганды суусу тоңуп, муз катмарлары пайда болгон. Мындан улам Чаек-Бишкек унаа жолунун 108-чакырымын муз каптоо коркунучу жаралган. Кечээ, 26-декабрда ӨКМнын райондук бөлүмү тиешелүү кызматтар менен биргеликте сууну өз нугуна салуу иш-чараларын жүргүзүп, коркунуч жоюлган.