Кытайда атышуу болуп, 20дан ашуун адам каза болду

Кечээ, 23-апрель күнү Кытайдын батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда атышуу болуп, 21 адам каза болду. Окуя Бачу аймагында полиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын арасынан мыйзамсыз курал алып жүргөн адамды издеп жүргөн маалда болгон. Маалыматка ылайык, социалдык кызматкерлер Бачу аймагында жашаган үйлөрдүн биринен куралданган адамдарды байкашып, полиция кызматкерлерин чакырышкан. Мындан улам куралчандар 3 социалдык кызматкерди туткунга алышып, үйгө полиция кызматкерлери келгенде атышуу башталган. Атышуудан каза болгон 15 адамдын 11и этникалык уйгурлар болушкан, бирок алардын канчасы полиция кызматкерлери, канчасы социалдык кызматкерлер болгону азырынча белгисиз. Ошондой эле өлтүрүлгөн 6 адам “кылмыштуу топтун мүчөсү” болушкан. Учурда аталган кылмышкерлер тобунун 8 мүчөсү колго түшкөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан