Кадамжай районунда шахтадан кулап кеткен адамдын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 26-декабрь күнү саат 19:17 чамасында Кадамжайдагы көмүр шахталарынын биринде болгон. Анда 1984-жылы туулган Акылбек Алимханов 30 метр бийиктиктен кулап кеткен. Учурда ал Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында. Анын абалы оор бойдон калууда. Ошондой эле окуянын келип чыгуу себептери такталып жатат.