Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери уланып, аба ырайына байланыштуу айрым айылдарга барчу жолдор жабылды

Бишкек-Ош жана Казарман-Нарын унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 25-декабрдан 29-декабрга чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыкканын билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

27-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 223-226-чакырымдарында кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында жалпысынан 18 артиллериялык снаряд атылып, жалпы көлөмү 25 миң метр куб кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.

"Кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү 28-декабрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Тогуз-Торо районунда Нарын-Казарман унаа жолунун 45-46-чакырымдарынын аралыгындагы кар көчкүнү түшүрүү бүгүн, 28-декабрда жүргүзүлөрү маалым болду.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылдык аймагынын Мады, Папан, Лаглан, Тээке жана Катта-Талдык айылдык аймагынын Бек-Жар, Кичик айылына баруучу жалпы 32 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып калган. Ошондой эле Өзгөн районунда Ийри-Суу айыл аймагынын Ийри-Суу айылынан Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жолунда катуу шамал болуп, натыйжада жалпы 18 чакырым аралыгында кар күрткүлөрүнүн кесепетинен жол жабылган.

"27-декабрь күнү тазалоо иштери жүргүзүлүп, 5 чакырым аралыгы тазаланган. Тазалоо иштери 28-декабрда улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Кара-Кулжа районунун аймагындагы жааган кардын жана шамалдын кесепетинен Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылына баруучу 11 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолдун 2 чакырым аралыгы кар ширендилери толуп, жол каттамы толугу менен токтоп калган. Аталган жолду тазалоого ӨКМдан 1 даана бульдозер бөлүп берүү жагы каралып жатканы белгилүү болду.

27-декабрда саат 17:00 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун
127-128-чакырымдарында жол тыгындары катталып, "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга саат 17:00дөн баштап чектөө коюлган. Ал эми саат 22:00дө унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, саат 00:00дө жеңил унааларга чектөө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан