Мындан 91 жыл мурун, 1925-жылы 28-декабрда белгилүү орус акыны Сергей Есениндин жансыз денеси Ленинград шаарындагы "Англетер" мейманканасынан табылган. Ал 30 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү 31-декабрда жерге берилген. Улуу акындын өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет. Айрым иликтөөчүлөр аны өзүн өзү өлтүргөн дешсе, айрымдары киши колдуу болуп өлгөн деп айтып жүрүшөт.
Акын 1895-жылы 3-октябрда Орусиянын Рязань губерниясынын Константиново айылында жарык дүйнөгө келген. 9 жашында ыр жаза баштаган С.Есениндин алгачкы ырлар жыйнагы "Больные думы" деп аталат.
1914-жылы акын Анна Изряднова аттуу кыз менен таанышып, жарандык никеге туруп, Юрий аттуу уулдуу болушкан. Ошол эле жылы Москвада чыгуучу журналдарда анын эң алгачкы ырлары жарык көргөн. Бир жылдан кийин акын Петроград шаарына көчүп барып, Александр Блок, Сергей Гродецкий жана башка акындар менен таанышып, аларга ырларын окуп берет. Тажрыйбалуу жазмакерлер жаш акындын чыгармачылыгына жогорку баа беришкен. 1916-жылы С.Есениндин "Радуница" жыйнагы чыккан. Анын ырларында жалпы гармонияга, жер үстүндөгү нерселердин бирдиктүүлүгүнө умтулуу айкын көрүнүп турат.
1922-1925-жылдар аралыгында С.Есенин "Москва кабацкая" ырлар китебин, "Чёрный человек", "Страна негодяев" поэмаларын жазган. Бул чыгармаларында ал карапайым элге карата зордук-зомбулукка каршылыгын билдирип, совет бийлигин сындап жазган.
1922-жылы америкалык бийчи Айседора Дункан менен баш кошуп, бирок бул никеси көпкө узаган эмес. Ал эми 1925-жылы 18-сентябрда С.Есенин үчүнчү жолу жазуучу Лев Толстойдун небереси Софья Толстаяга үйлөнүп, бирок кийинчерээк ажырашып кеткен. Жалгыздык акындын өлүмүнүн бирден-бир себеби болгон деген кептер айтылып келет.
Акынга арналып "Сергей Есенин" (1965), "Константиново" (1981), "Есенинге арналат. "Поэзия" альманахы" (1986), "Сергей Есениндин жери" (1990), "Сергей Есенин. "Англетердеги" түн" (2004), "Есениндин балдары" (2005), "Менин кымбаттууларым" (2005), "Сергей Есенин" (2005), "Сергей Есенин. 1925-2010" (2011) даректүү тасмалары тартылган.
28-декабрга карата жылнаама.