25-апрелде Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэрин шайлоо болот. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону республиканын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган. Эске сала кетсек, шаардын мурунку мэри Ишенбек Өмүрканов 13-мартта өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.