Бишкек шаарынын 1-Май районунда Жаңы жыл алдында үй-жайсыз адамдар камкордукка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясына 1-Май райондук мамлекеттик администрациясы, райондук тартип сакчылары, медицина кызматкерлери катышкан.
"Майрам алдында уюштурулган акцияда 110 адамга ар түрдүү жардамдар көрсөтүлгөн. Үй-жайсыз адамдар медициналык кароодон өтүп, ооруп жүргөндөр дарылануу үчүн жиберилген. Ошондой эле укуктук жана психологиялык кеңештер, ысык тамак берилип, жылуу кийимдер таратылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.