SUPER.KG порталына "Манас" аэропортунда 3 чай ичип, 3 токоч жейм десеңиз, 390 сом төлөйсүз!" деген тема менен видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Видео "Манас" Эл аралык аэропортунда тартылган. Ким экени айтылбаган жаран сатуучуларга барып, баалар элдин чөнтөгүнө туура келбесин айткан. Ал эми сатуучулар ооз ачпай, бири башын жерге салып кутулган. Экинчиси ордунан туруп кеткен. "3 чай, 3 токоч алып, 390 төлөш керек. Жанында акчасы аздар кантет? Албетте, сатуучуларда айып жок. Алардын жетекчилери бул үчүн жооп бериши керек", - деп жазган видеонун автору.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.