Акыркы 3 жыл ичинде милиционерлерге 335 батир берилсе, 2017-жылы 380 батир берилет

Кыргыз Республикасында 2014-2016-жылдары милиция кызматкерлерине жалпысынан 335 батир берилген. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы милиционерлерге 380 батир берүү пландалууда. "Учурда көп батирлүү социалдык турак жайларды куруу иштери уланууда. Милиция күнүндө ачкычтарды тапшыруу өткөрүлмөкчү", - деди Асанов.

Депутат Эльвира Сурабалдиеванын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлерине батирлерди бөлүштүрүүдө акыйкатсыздык орун алганы боюнча 80ге жакын арыз бар. "Айрым милиционерлер үйлөрүн башка бирөөгө каттатып, мамлекеттен да батир алып жатышыптыр. Ал эми батир ала албагандардын үнү жетекчиликке жетпей жатат", - деди депутат.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев да мындай маалыматтар бар экенин айтып, батирлерди бөлүштүрүүдө коррупция болушу мүмкүн экенин айтты. "Бул маселе боюнча териштирүү жүргүзөбүз", - деп убадалады акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан