SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акыркы жагымдуу комплимент?.." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Айткан комплименттерине деле ыраазымын, алдыңда жасалма сүйлөп, артыңдан кайра "шыбашат". Андан көрө жөн эле жүрүшсүнчү".
"Жоош көрүнгөнү менен, тирилигине тың чыкты" деп сүйлөшкөндөрүн угуп мыйыгымдан жылмайдым".
"Кечээ жакында метродон чыгып баратсам артымдан бир орус улутундагы жигит ээрчип келип сөз баштады:
- Чоң кыз, таанышып алсак болобу?
- Жок, мен турмушка чыккам.
- Кана шакегиң?
- Далил керекпи?
- Ооба...
Мен күрмөмдүн алды жагын ачып койсом, кош бойлуу экенимди көрүп уялып кетти. Анан "абдан сулуу, келбеттүү экенсиз, өзүңүздү караңыз" деп басып кетти".
"Мен эч бир комплименттин жагымдуусун уга элекмин, тескерилери көп".
"Азыр комлименттер деле жасалма. Бирок жасалма болсо деле угуп турган жакшы, кулакты сүйүндүрүп".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.