Парламентте Түркиянын 100 миллион доллар өлчөмүндөгү насыясы боюнча мыйзам бекитилди

Бүгүн ЖКда Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берүү жөнүндө макулдашууга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам ратификацияланды. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, насыяны алуу мөөнөтүн тездетүү жана жеңилдетүү үчүн мурда ратификацияланган келишимге түзөтүү киргизилүүдө. Бул 100 миллион доллар 0,1 жылдык пайыз менен берилип, төлөө мөөнөтү 7 жылдан кийин башталат. Ар бир 10 миллион доллар бөлүгү өздөштүрүлгөн сайын дагы кийинки 10 миллион доллар бөлүгү берилип турат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан