31-декабрда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз жергесинде Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленет. Учурда майрамга карата көпчүлүк жакындарына белектерин алып, үйлөрүн жасалгалап жаткан учур. Ошондой эле борбор калаа декабрь айынын алгачкы күндөрүнөн тарта майрамдык шаңга бөлөнүп, соода түйүндөрү, райондук администрациялар, дүкөндөр, эс алуучу, тамактануучу жайлар кооздоло баштаган. Назарыңыздарга Жаңы жыл алдындагы түнкү Бишкекти тартуулайбыз.
Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү, администрация имараттары өзгөчө кооздолгону менен, жалпысынан жаңы жылдык кооздук жылдагыдай күч алган жок.