ТИМ Ооганстанда террорчулар туткундап алган кыргыз жаранын бошотууну аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисинен суранды

24-апрелде КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ооганстандын Кыргызстандагы элчиси Нурмухаммад Каркин менен жолугушту. Анда министр 22-апрель күнү Ооганстандын Логар провинциясында террорчулардын туткунунда калган кыргыз жараны Нургазы Конушбековдун тагдырына өлкө жарандары, коомчулук тынчсызданып жатканын билдирди. Тышкы иштер министри элчиден аны туткундан бошотуу үчүн бардык тийиштүү чараларды кабыл алууну суранды.

 

Белгилей кетсек, кыргыз жараны Ооганстанда эки өлкөнүн достугун өнүктүрүү максатында келишимдик негизде учкуч болуп иштеп жүргөн. 22-апрелде Конушбеков жана башка өлкөнүн өкүлдөрү бар тик учак авариялык абалга туш болуп, аталган провинциянын аймагына конууга аргасыз болушкан. Андан соң аларды талибандар туткундап алышкан болчу. 

 

Өз кезегинде Каркин өз өлкөсүнүн президенти жана өкмөтүнүн атынан мамлекеттик органдар, тийиштүү кызматтар жана Ооганстан коомчулугу, ошондой эле Эл аралык коопсуздукка кол кабыш кылуу күчтөрү тарабынан туткундарды бошотуу үчүн бардык чаралар кабыл алынарын билдирди. Элчинин билген маалыматына ылайык, бардык туткундар тирүү жана алардын өмүрүнө коркунуч жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан