Бишкек-Ош унаа жолунда 115 500 метр куб кар көчкү түшүрүлдү

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кар көчкү түшүү коркунучтарын жоюу максатында артиллериялык курал менен атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында 8 артиллериялык курал атылып, 12 000 метр куб көлөмүндөгү кар көчкү түшүрүлгөн. Аталган жолдо жалпысынан 62 артиллериялык атуу болуп, 115 500 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери Нарын-Казарман унаа жолунун 71-72-74-76-чакырымдарында да жүргүзүлүп, жалпы 15 артиллериялык атуу болгон. Түшүрүлгөн көчкү жол каттамына тоскоолдук жараткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан