Бишкекте өтчү президенттик балатыга аймактардан балдар келишүүдө (фото)

Бүгүн, 29-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык балаты өтөт.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, майрамга өлкөнүн ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алардын арасында мыкты окуучулар, эл аралык сынактардын, таймаштардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү бар. Мындан тышкары майрамга кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылган.

Алар үчүн шаңдуу концерт көрсөтүлмөкчү. Иш-чаранын соңунда балдарга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белектер, китептер жана таттуулар тапшырылат.

Президенттик балатыга 1100 бала күбө болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sirgak_92
2016-12-29 10:51:56
Мотурайган балдар коз кубантат
+2
sirgak_92
2016-12-29 10:53:33
7-суротто бир бала шокулчон кыздын номерин ала албай кыйналып аткан экен
0
adimyrza
2016-12-29 11:38:25
Азаматтар эн сонун кээ бир биздин чон муундарга сабак майрамга концертке келгенде куртка тумак пальточон отура беребизго буларды карачы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан