Сузак районунда кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдү мекенчилдикке үндөө максатында иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Иш-чаранын жүрүшүндө укук бузуулардын алдын алуу, өспүрүмдөрдү Ата Мекенди сүйүүгө үндөө сыяктуу чакырыктар айтылды. Ошондой эле жаштарды илим-билимге болгон кызыгуусун арттыруу аракети көрүлдү. Окуучулар "Манас" айтышып, ыр ырдашты. Салтанатка Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери, окуучулар, мугалимдер жамааты катышты", - деп билдирди окурман.
Маалыматка ылайык, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана достукту чыңдоого багытталган сахналык көрүнүштөр уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Жыйынтыгында ийгилик жараткандар сыйланышты.