Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы жыйынында депутаттар айдоочулук күбөлүк Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилип жатканына нааразычылык билдиришти. Депутат Кенжебек Бокоев жогорку окуу жайлары жана колледждер студенттерге өздөрү диплом берип жатышканын, ошол эле учурда жарандарды окуткан автомектептер айдоочулук күбөлүк бере албай турганын белгиледи. "Жоопкерчилик кимде экени түшүнүксүз, жарандарды окуткандардабы же күбөлүк бергендердеби?" - дейт Бокоев.
Кыргыз жеринде автокырсыктардын көбүнө жол эрежесин билбеген айдоочулар күнөөлүү экени, айдоочулук күбөлүк берген мекеменин жоопкерчилигин күчөтүү сунуштары айтылып жүрөт. Бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүктөр Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти тарабынан берилет.