Депутаттар ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоо алдында дыкат карап чыгууну сунушташты. Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров кодекс 50 берене, 400 бөлүмдөн турарын, бул ири документ экенин айтты. "Кыргыз Республикасы 80 пайыз импортко көз каранды. ЕАЭБдин Бажы кодекси Кытай жана Түркия өңдүү өлкөлөр менен соода-сатык иштерин жүргүзүүгө терс таасирин тийгизбейби? Депутаттарга кодекстин кол коюлган варианты таркатылсын. Кылдат карашыбыз зарыл, шашылыш ратификациялоодон алыс болушубуз керек", - дейт Бакиров.
Белгилей кетсек, ЕАЭБдин Бажы кодексине 26-декабрда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан жана Армениянын президенттери тарабынан кол коюлду.